АСЦИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:49, 25 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЦИТ (гр. askos ‒ суюктук) ‒ ар кандай оорулардын кесепетинен ич көӊдөйүнө суюктуктун толушу. Ал көбөйгөндө ич көөп, көлөмү чоӊоюп, териси жукарып, кеӊейген вена кан тамырын көрүүгө болот. Ичтеги суюктук 30 лге чейин жетиши мүмкүн, ал дененин кыймылына жараша которулуп турат. Асцит жүрөк оорусунда, жалпы кан айлануунун бузулушунан же башка оорулардын таасиринен ич көӊдөйүндө кандын жүрүшү токтоп же солгундаганда пайда болот. Аны дарылоо негизги ооруга карата жүргүзүлөт. Ичте суюктук көбөйүп кеткенде, оорулуунун абалын жеӊилдетүү максатында заара айдама дарылар берилет, кээде ич көӊдөйүн тешип суюктук чыгарылат.