АСФАЛЬТ ТӨШӨГҮЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:46, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>, ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span> (5)) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСФАЛЬТ ТӨШӨГҮЧ автомобиль жолун, аэродром курууда жана оӊдоодо, алардын жабуусуна асфальт-бетонду ж. б. битум-минералдык аралашмаларды төшөөчү, өзү жүрүүчү жол куруу машинасы. Ал өндүрүмдүүлүгү б-ча өтө оор (300 т/с жогору), оор (150‒300 т/с), орто (75‒150 т/с) жана жеӊил (25 т/с дан кем эмес) болуп айырмаланат. Жүрмө бөлүгүнө

Файл:АСФАЛЬТ ТӨШӨГҮЧ12.png

карата казтаман, дөӊгөлөктүү жана айкалыштырылган болуп бөлүнөт. Ал автотранспорттон аралашманы кабыл алуу, аларды бөлүштүрг үч айланма шилегичке жиберүү, төшөлүүчү тилкенин энине жараша жаюу, жабуунун көрүнүшүн жакшыртуу, тегиздөө жана аны тыгыздоо кызматын аткарат. Ал жумушчу шаймандары жана автоматтык башкаруу менен камсыздалат.