АСТРОНОМИЯЛЫК БИРДИК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТРОНОМИЯЛЫК БИРДИК (а. б.) ‒ астрономиядагы аралык бирдик; Күн системасынын чегинде Жерден Күнгө чейинки аралык: 1 астрономиялык бирдик = 149,597870 км ±2 км (Эл аралык астрономиялык союзда 1976-жылы кабыл алынган). Мисалы, Плутон планетасы менен Күндүн ортосундагы ортолук аралык 39 астрономиялык бирдикке барабар. Астрономиялык бирдикти 17-кылымда И. Кеплер киргизген. Жылдызга чейинки аралык парсек (пс) менен туюнтулат. Жарык жылы ‒1 жылда жарык басып өткөн аралык (9 трлн км же 1/3 пс).