АСТРОГРАФ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:40, 23 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТРОГРАФ (астро… ж-а гр. grapho ‒ жазамын) ‒ асман жарык чыгаруучуларын сүрөткө тартуучу астр. аспап. Анын негизги мүнөздөмөсү ‒ фотопластинкага түшкөн жарык күчү м-н сүрөттөлүштүн өлчөмүн аныктоочу объективдин диаметри ж-а фокус аралыгы. Асмандагы жылдыздар, метеорлор, кометалар, астероиддер ж-а жасалма жандоочторду тартуучу А-тын объективинин фокус аралыгы 1 мден ашпайт, ал эми өтө так астр. өлчөөлөрдү жүргүзүүчү А-тыкы ‒ 10‒15 мден кем эмес болот. Дүйнөнүн көпчүлүк обсерваториялары фокус аралыгы 3,4 м кадимки А. м-н жабдылган.