АСТМА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТМА (гр. asthma ‒ дем кыстыгуу, муунуу) ‒ бронх жылчыгынын тарышынан (кара. Бронх астмасы ) же жүрөктүн жабыркоосунан (кара. Жүрөк астмасы ) болуучу капысынан дем кыстыгуу (муунуу) оорусу. Ал капысынан кармайт. Бронх Астмасы майда бронхтордун өткөргүчтүгүнүн бузулушунан (спазм, былжыр челдин шишиги), жүрөк Астмасы кан айлануунун кичине тегерегинде кандын тез уюп, токтоп калышынан жана бронхтордун рефлекстик кысылуусунан болот. Астма кармаганда тезинен медициналык жардам талап кылынат: отургузуу, таза аба менен дем алдыруу оорулуунун абалын жеӊилдетет. Дарыны врачтын көрсөтмөсү менен гана кабыл алуу керек.