АСТЕНОСФЕРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:36, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 (жаӊы лат. asthenosphaera, гр. asthenes ‒ начар ж-а сфера) ‒ Жердин мантиясынын үстүнкү бөлүгүндөгү катуулук, бекемдик ж-а илээшкектик касиеттери төмөнүрөөк болгон катмар. Биринчи жолу 1914-ж. америкалык геофизик Ж. Барелл болжолдогон, 1951-ж. Б. Гутенберг сейсмологиялык жол м-н тактаган. Ал континенттерде жер бетинен 200 км, океандар дын түбүнөн 100 км тереӊдикте орун алып, төмөнкү чеги 150‒200 кмге жетет. А-да сейсмдик толкундар башка катмарларга салыштыр ганда жайыраак тарай тургандыгы геофиз. изилдөөлөрдүн негизинде аныкталган. А. жанар тоолордун пайда болуусуна ж-а жер кыртышын дагы тектон. кыймылдарга себеп болот.