АСТАТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ ПРИБОРУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:35, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСТАТИКАЛЫК ӨЛЧӨӨ ПРИБОРУ‒ өлчөөчү механизми кыймылдуу бөлүгүнүн абалына (прибордун көрсөтүүсүнө) сырткы бир тектүү магнит талаасы таасир этпегидей жасалган электр өлчөгүч. Бул прибордо эки бирдей кыймылдуу бөлүгү өз ара бириктирилип жалпы окко орнотулган (мисалы, электр-магниттик түрмөк) магнит талаасы ага таасир этип, бир учурда өз ара карама-каршы багытталган айландыруучу моментти пайда кылып, системаны теӊ салмактап турат. Бул прибор амперметр, вольметр, ваттметрден турат. Астатикалык өлчөө прибору көбүнчө турактуу жана өзгөрмө ток тизмегинде тажрыйбалык өлчөөлөрдү жүргүзүүдө колдонулат.