АССОЦИАЦИЯ (биологияда)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
19:03, 19 Февраль (Бирдин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
б и о л о г и я д а ‒ өсүмдүк жамаатын, б. а. фитоценозду классификациялоодо колдонулуучу негизги таксономиялык бирдик; бирдей чөйрө шарттарында өскөн өсүмдүктөрдүн өз ара байланышы ж-а флоралык курамы, түзүлүшү окшош өсүмдүк жамаатынын жыйындысы. Мис., Кырг-ндын талааларында ак шыбак А-сында ак шыбак үстөмдүк кылат. Жыл мезгилине жараша А-нын сырткы көрүнүшү түрдүү болушу мүмкүн. Ал андагы үстөмдүк кылган өсүмдүктүн атынан аталат.