АССОНАНС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:18, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССОНАНС (фр. assonanсе ‒ үндөштүк, уйкаштык) ‒ уйкаштыкта же улам кийинки сөздөрдө үндүү тыбыштардын кайра-кайра кайталанышына негизделген стилистикалык ыкма. Мындай кайталоо, же үндүүлөрдүн үндөштүгү ырдын башында же бүтүндөй ыр жолдорунда болушу мүмкүн. Ассонанс элдик ырларда көп кездешет (мисалы, Агарып аткан таӊ бекен, Агарган таӊдай жан бекен. Асмандап учкан каздайым, Ак жайык жаткан саздайым). Мисалдардан көрүнүп тургандай, «а» тыбышынын кайра-кайра кайталанышы Ассонанс түзүп, поэтикалык речтин жагымдуулугун, уккулуктуулугун арттырууда.