АССИМИЛЯЦИЯЛЫК СЫЙЫМДУУЛУК
АССИМИЛЯЦИЯЛЫК СЫЙЫМДУУЛУК‒ белгилүү бир убакыт ичинде экосистеманын нормалдуу өнүгүүсүн бузбай булгоочу заттарды топтоп, талкалап (ажыратып), трансформациялап (химиялык жана биологиялык айлануудан) анын чегинен чыгарган (биоседиментация, диффузия жана башка процесстердин негизинде) чөйрөнүн максималдуу динамикалык сыйымдуулугу. Мисалы, экосистеманын табигый таштандылар менен бирдикте адамдын иш-аракетинен пайда болгон органикалык таштандыларды ассимиляциялоосу (талкалашы жана сиӊириши). Ассимиляциялык сыйымдуулук көптөгөн табигый (температура, суунун агымынын ылдамдыгы жана башка) жана антропогендик факторлорго, чөйрөнүн биоталык процесстерине, ошондой эле булгоочу заттардын физикалык-химиялык касиеттерине байланыштуу.