АССИМИЛЯЦИЯЛЫК ПОТЕНЦИАЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССИМИЛЯЦИЯЛЫК ПОТЕНЦИАЛ (assimilatio ‒ кошулуу, жуурулушуп кетүү; potentia ‒ күч, өзүнөн өзү тазалануу; чирүү потенциалы) ‒ тирүү организмдер жамааты ээлеген табигый аймактын же акваториянын туруктуулугун жоготпой, табигый жана антропогендик заттарды (таштандылар жана калдыктар) чиритүү жана алардын зыяндуу таасирлеринен арылтуу жөндөмдүүлүгү. Ал заттар табияттын биохимиялык айлануусуна кошулгандан кийин көмүлөт. Мындай көмүүгө казылып алынуучу отундун бардык түрү кирет. Ассимиляциялык потенциал заттардын биохимиялык айлануусунун ургаалдуулугуна, продуктуулугуна байланыштуу жогорку жана төмөнкү Ассимиляциялык потенциал болуп бөлүнөт. Натыйжада органикалык тиричилик өнүгөт. Эӊ жогорку Ассимиляциялык потенциал токойго, айрыкча тропик токоюна таандык, анын продуктуулугу башка экосистеманыкына караганда алда канча жогору. Жогорку Ассимиляциялык потенциал мелүүн кеӊдиктердин токойлоруна, нымдуу-саздак жерлерге, дельта экосистемасына, төмөнкү Ассимиляциялык потенциал чөлгө, жарым чөлгө, тундрага, ошондой эле салыштырмалуу олиготрофтук көлмөлөргө (мисалы, Байкал көлү) мүнөздүү.