АССЕМБЛЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:34, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АССЕМБЛЕР (англ. Assembler ‒ чогултуу) ‒ программалоонун экинчи муундагы тили. Мындагы буйруктар символдор жана коддор менен жазылгандыктан, ал программалоонун символдук тили деп да аталат. Аны машине тилиндей үйрөнүү татаал. Алар цифралардын ордуна символдорду колдонуп, буйруктар мнемокод деп аталган символдук код, мисалы, программаны кошуу үчүн С, салыштыруу үчүн L, көбөйтүү үчүн М түрүндө жазылат. Ассемблердеги программанын ыӊгайсыздыгы ‒ аны компьютер түздөн-түз түшүнбөйт. Ассембллер программасын компьютерде аткартуу үчүн адегенде аны машине тилине которуу керек. Ассемблер кодун камтыган программа баштапкы программа деп аталат.