АСРАНКУЛОВ Аман Бөрүбаевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:29, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСРАНКУЛОВ Аман Бөрүбаевич (24. 12. 1939, Фрунзе ‒ 1998) ‒ живописчи. КРдин эл сүрөтчүсү (1997), Кыргызстан Ленин комсомолу сыйл. лауреаты. Фрунзедеги көркөм сүрөт окуу жайын (1964), Москвадагы В. И. Суриков атн. көркөм сүрөт ин-тун (1969) бүтүргөн. 1970-жылдан респ-лык, бүткүл союздук ж-а эл аралык көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 1971-жылдан СССР сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү. 1976-ж. Кырг-н сүрөтчүлөр союзунун Ош обл. бөлүмүнүн төрагасы болуп шайланган. А-дун чыг-лыгын көбүнчө сюжеттик-тематикалык ж-а портрет жанры түзгөн: «Тамекичилер», «Теӊтуштар» (1973), «Тамеки престөөчүлөр» (1980). А-дун эмгектери Г. Айтиев атн. Кыргыз

Файл:АСРАНКУЛОВ3.png
Файл:АСРАНКУЛОВ4.png
Асранкулов А. Б. Кашардын жанында. 1977. улуттук көркөм сүрөт иск-во музейинде ж-а КМШ

өлкөлөрүнүн музейлеринде сакталууда.