АСПЕРГИЛЛЕЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:17, 19 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСПЕРГИЛЛЕЗ (Aspergillosis) ‒ куш жана мал ылаӊы; чанда кишинин жугуштуу оорусу. Мында тери, дем алуу органдары, ичеги-карын, былжыр челдер сезгенет. Козгогучу‒кебер козу карынынын кээ бир түрлөрү (Aspergillus fumigatus, кээде Аspergillus flavus жана Аspergillus niger). Козгогуч дем алуу же тамак сиӊирүү органдары аркылуу кирет. Аны менен куштун бардык түрү, көбүнчө жөжө, уй, жылкы, кой, чочко да ылаӊдайт. Ылаӊдын жашыруун мезгили 3‒10 күн. Катуу кармаганы (жөжөдө) жана өнөкөтү (кушта) болушу мүмкүн. Катуу кармаганда ылаӊдаган куш жем жебейт, суусайт, дем алуусу тездеп, кыйындайт, тердейт, мурдунан жана оозунан көбүктүү суюктук агат, канатын салбыратып, көзүн ачпайт, ичи өтүп, калтырайт. Өнөкөт Аспергиллездо ушундай эле белгилер менен узакка жабыркап, куш арыктап өлөт. Уйдун деми кыстыгып, көкүрөгү кыркырап, кургак жөткүрөт. Алдын алуу чаралары: жумуртканы кебер басуудан сактоо, кебер баскан жемди кушка бербөө, кеберлеген төшөлгөнү колдонбоо, кушкананы, шаймандарды маалы менен тазалоо, желдетүү, дезинфекциялоо.