АСПАРУХ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСПАРУХ, И с п е р и х, Е с п е р и х, И с п о р (болжол менен 644‒701) ‒ протоболгарлардын уногунбурлар же кутригурлар урууларынын ханы; Биринчи Болгар падышачылыгынын алгачкы ханы (681‒701). 7-кылымдын ортосунда хазарлардын кысымынан улам Аспарух протоболгар урууларынын айрым бөлүктөрү менен Азов боюнан Түштүк Бессарабияга, андан ары Византиянын бийлиги астындагы Дунайдын оӊ жээгине журт которууга аргасыз болгон. Аспарух жетектеген протоболгар уруулары Добруджага жана анын айланасындагы аймактарга отурукташып, жергиликтүү жети славян уруусун баш ийдирүү менен бул жакта өзүлөрүнүн мамлекетин негиздешкен. Аспарух Дунай боюнда хазарлар менен болгон согушта курман болгон. 981-жылы Византия империясы Аспарухтун мамлекетин тааныган.