АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСПАРАГИН КИСЛОТАСЫ, HOOCCH2CH(NH2)COOH ‒ түссүз кристалл, молекулалык масса 133,1; балкып эрүү t 300 °C, сууда начар эрийт, органикалык эриткичтерде эрибейт. Аспарагин кислотасы организмде кайра аминдөөдө, мочевина, пиримидин негиздеринин биосинтезинде чоӊ мааниге ээ. Көпчүлүк организмдерде эркин түрүндө жана белок курамында кездешет. Анын анализи жана бөлүп алуу жолдору Са жана Ва туздарынын эрибестигине негизделген. Ал пептиддерди синтездөөдө, башка амин кислоталар менен бирге тамак-ашта колдонулат.