АСМЭРА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:33, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМЭРА , А с м а р а ‒ Эритрея мамлекетинин борбор шаары. Асмэра провинциясынын административдик борбору. Эфиопия тайпак тоосунун түндүгүндө, деӊиз деӊгээлинен 2300 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 663,9 миӊ (2010). Жолдор тоому. Темир жана автомобиль жолдору аркылуу Кызыл деӊиз жээгиндеги Массауа порту менен байланышат. Эл аралык аэропорту бар. Шаар 13‒14-кылымдар ченде негизделген. Университет (1958-жылдан Италия бөлүмү, 1968-жылдан англис бөлүмү), жалпы элдик китепкана, тамак-аш, текстиль, тигүү, полиграфия, курулуш материалдар өнөр жайы бар. Ири соода борбору.