АСМАН НЕРСЕЛЕРИНИН (ТЕЛОЛОРУНУН) ОРБИТАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:39, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН НЕРСЕЛЕРИНИН (ТЕЛОЛОРУНУН) ОРБИТАСЫ ‒ космос мейкиндигиндеги Күн, жылдыз, планета , астероиддер, комета, жердин жасалма жандоочулары ж. б-дын кыймыл жолу (траекториясы). Асман нерселеринин орбитасынын формасы айлана, эллипс, парабола же гипербола түрүндө болот. Башка нерселердин дүүлүктүрүүчү гравитациялык орбитасынын аракетинен нерсенин сфера түрүндө эместигинен, чөйрөнүн каршылыгынан Асман нерселеринин (телолорунун) орбитасы татаал формага ээ болот.