АСМАН МЕРИДИАНЫ
АСМАН МЕРИДИАНЫ ‒ асман сферасынын чоӊ тегереги. Ал дүйнө уюлу жана байкоо жүргүзүлүүчү орундагы зенит аркылуу өтөт. Анын тегиздиги байкоо жүргүзүлүүчү орундун геогр. меридиан тегиздиги менен дал келип, матем. горизонтту түш. жана түн. чекиттеринен кесип өтөт.