АСМАН КООРДИНАТАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:19, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН КООРДИНАТАЛРЫ – асмандагы жарык чыгаруучулардын (телолордун) абалын аныктоочу сандар. Асман сферасындагы негизги тегеректер, ага байланышкан сызыктар жана чекиттерге салыштырмалуу аныкталат. Асман координаталарынын бир нече сфералык ‒ горизонттук, экватордук, эклиптикалык жана галактикалык системалары пайдаланылат. Горизонталдык системада негизги тегерек катары ‒ математикалык же чыныгы горизонт, уюл катарында байкоочу орундун зенити пайдаланылат. Экватордук системада негизги тегерек катары асман экватору, уюл катары дүйнөлүк уюл алынат. Бул системалар сфералык координаталарда кеӊири колдонулат.