АСМАН КООРДИНАТАЛАРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСМАН КООРДИНАТАЛРЫ - асмандагы жарык чыгаруучулардын (телолордун) абалын аныктоочу сандар. Асман сферасындагы негизги тегеректер, ага байланышкан сызыктар жана чекиттерге салыштырмалуу аныкталат. Асман координаталарынын бир нече сфералык ‒ горизонттук, экватордук, эклиптикалык жана галактикалык системалары пайдаланылат. Горизонталдык системада негизги тегерек катары ‒ математикалык же чыныгы горизонт, уюл катарында байкоочу орундун зенити пайдаланылат. Экватордук системада негизги тегерек катары асман экватору, уюл катары дүйнөлүк уюл алынат. Бул системалар сфералык координаталарда кеӊири колдонулат.