АСКЕРДИК КОЛЛЕГИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:31, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРДИК КОЛЛЕГИЯ– Куралдуу Күчтөрдүн түзүлүшүнө, алардын күжүрмөн жана мобилизациялык даяр туруусуна, аскер кадрларынын күжүрмөн даярдыгына, аларды тандоого жана тарбиялоого байланышкан ж. б. маанилүү маселелер боюнча чечимдерди чыгаруучу жана талкуулоочу кoproo министрлигинин кеңеш берүүчү органы. Koproo министринин жана министрликтин жетектөөчү кызматкерлеринин (коргоо министринин орун басарлары) курамында түзүлөт. Коллегиянын мүчөлөрү, кызмат орду боюнча анын курамына киргендерден башкасы КРдин Президенти тарабынан коргоо министринин сунушу боюнча бекитилет.