АСКЕРДИК КАТТОО
АСКЕРДИК КАТТОО– аскерге чакырылуучулардын жана аскерге милдеттүүлөрдүн жашаган жери боюнча жүргүзүлүүчү атайын каттоо. Кыргыз Республикасында Аскердик каттоо жекече жүргүзүлүп, бул иш жергиликтүү райондук Аскер комиссариаты тарабынан аткарылат.