АСКЕРДИК-ВРАЧТЫК КОМИССИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:45, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРДИК-ВРАЧТЫК КОМИССИЯ– куралдуу күчтөрдүн катарына дене түзүлүшү жанa акыл-эси жагынын толук жарамдуу адамдарды тан-

Файл:АСКЕРДИК-ВРАЧТЫК КОМИССИЯ 96.png
Аскердик-врачтык комиссия иш учурунда.


доочу, алардын ден-соолугуна көз салуучу аскердик медицинанын бир бөлүгү. Ал аскерге милдеттүүлөрдү, аскер кызматындагыларды медициналык жактан текшерип, аскердик бөлүктөргө бөлүүгө катышуу, дарылоо мекемелеринде жаткандардын саламаттыгын текшерип, жараксыздарды бошотуп, жарактуулардын ден соолугуна кам көрүү иштерин жүргүзөт. Кыргызстанда Аскердик-врачтык комиссия ар бир райондо, шаарда, облустун борборлорунда аскер комиссариатынын карамагында уюштурулган. Алар КРдин кoproo министрлигинин аскердик-медициналык башкармалыгына баш иет.