АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:41, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: ж-а → <span cat='ж.кыск' oldv='ж-а'>жана</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРГЕ ЧАКЫРУУ– мыйзам тарабынан белгиленген Куралдуу Күчтөрдүн катарында аскердик милдет өтөөгө жарандарды чакыруу. КРдин жалпы аскердик милдеттүүлүк ж-дөгү мыйзамына ылайык, анык аскердик кызматка чакыруу респ. б-ча жылына 2 жолу өткөрүлүп, негизинен 18 жаштан 27 жашка чейинки курактагы балдар чакырылат. Андан тышкары запаста, аскердик каттоодо турган жарандарды, о. эле аскердик абалды киргизүүдө жана согуш мезгилинде мобилизация б-ча чакыруу каралган.