АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:38, 21 Декабрь (Бештин айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕРГЕ МИЛДЕТТҮҮЛӨРДҮН ЗАПАСЫ– аскердик каттоодо турган, армиянын катарында милдетин өтөп келген же ар түрдүү себеп менен ага барбай калган, бирок согуш убагында жоокердик милдетин аткарууга жарактуу адамдар. Армия жана флоттун запасындагы 18–50 жаштагы жарандар аскерге милдеттүү деп саналат же армия менен флоттун катарында, мезгилдүү жыйындар аркылуу аскердик уюмдардан тышкары аскердик кызматтан өтөт, ошондой эле медициналык же башка атайын маалыматы бар аскердик каттого алынган 19–40 жаштагы аялдар да аскерге милдеттүү, алар окуу жыйындарына тартылып, өз ыктыяры менен аскердик кызматка кабыл алынышы да мүмкүн.