АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ ЧОКУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ ЧОКУСУ– Какшаал жана Меридиан тоолорунун кошулган жеринен орун алган пирамида тибиндеги чоку. Бийиктиги 6873 м. Сланец, акиташ теги, мрамор жана гранит тоо тектеринен турат. Түндүк жана түндүк-чыгыш капталдарында Түштүк Эңилчек, батышында Жылдызча, түштүгүндө (Кытай тарабында) Темир-Суу мөңгүлөрү жатат. 1943-жылы сентябрда П. Н. Рапасов жетекчилик кылган аскер топографтары бийиктигин аныктаган. Чокуга 1-болуп 1965-жылы 15-августа Казакстан альпинисттер клубунун мүчөлөрү чыккан.