АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ ЧОКУСУ
АСКЕР ТОПОГРАФТАРЫ ЧОКУСУ– Какшаал жана Меридиан тоолорунун кошулган жеринен орун алган пирамида тибиндеги чоку. Бийикт. 6873 м. Сланец, акиташ теги, мрамор жана гранит тоо тектеринен турат. Түн. жана түн.-чыгыш капталдарында Түш. Эңилчек, батышында Жылдызча, түштүгүндө (Кытай тарабында) Темир-Суу мөңгүлөрү жатат. 1943-ж. сентябрда
П. Н. Рапасов жетекчилик кылган аскер топографтары бийиктигин аныктаган. Чокуга 1-болуп 1965-ж. 15-августа Казакстан альпинисттер клубунун мүчөлөрү чыккан.