АСКЕР КЫЗМАТКЕРЛЕРИН АЖЫРАТЫП ТААНУУ БЕЛГИЛЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:50, 4 Июль (Теке) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

– аскер наамдарын, Куралдуу Күчтөрдүн түрлөрүн ж-а кызматтарын айырмалоо үчүн аскер кызматкерлеринин форма кийимине тагылуучу белгилер. Аларга: погондор, петлицалар, аксельбанттар, төш ж-а жең белгилери (нашивкалар, шеврондор), баш кийимдеги, погондогу ж-а петлицалардагы белгилер (кокардалар, эмблемалар, жылдыздар ж. б.), канттар ж-а лампастар кирет.