АСКЕР КОМИССАРИАТЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:19, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР КОМИССАРИАТЫ– КРдин Кoproo министрлигинин облустардагы, шаарлардагы жана райондордогу аймактык-аскердик башкаруу органы. Аскер коиссариаты аймактык аткаруу бийлиги жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары менен бирдикте Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө жана аскер бөлүктөрүнүн катарына чакыруу жана жөнөтүү, аскердик каттоону жүргүзүү аркылуу түздөн-түз КРдин коргоо тармагына байланыштуу маселелерди чечет.