АСКЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:13, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКЕР– I) мамлекеттин куралдуу күчү ж-дө жалпы аталыш, 2) кээ бир мамлекеттердин армияларында катардагы жоокерлердин наамы. Көчмөн элдерде, а. и. кыргыздарда аскерлердин түрүнө, курамына карата атчан А., жөө А., ал эми түзүлүшү боюнча ондук, жүздүк, миңдик, түмөн, кошуун, кол ж. б. болуп бөлүнгөн. Аскер башчыларды он башы, жүз башы, миң башы, түмөн башы, колбашчы ж.б. деп аташкан.