АСКАРОВ Теңдик

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:09, 18 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСКАРОВ Теңдик (18. 12. 1937, СССР, Кыргыз ССРи, Кетмен-Төбө (азыркы Жалал-Абад облусу, Токтогул району), Кызыл-Өзгөрүш айылы – 05. 03. 2019, Бишкек шаары) – сынчы, философ, коомдук ишмер, философия илимдеринин доктору (1993), Kыргыз Pеспубликасынын Улуттук илимдер академиясынын корреспондент мүчөсү (2000), 1960-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин (КМУ) филология факультетин бүткөн. 1963–1967-жылдары Кыргыз Республикасынын Илимдер академиясынын философия жана укук институтунда кенже илимий кызматкер, окумуштуу катчы, 1967-жылы «Кыргызстан маданияты» гезитинин башкы редакторунун орун басары, 1967–1969-жылдары Кыргызстан Коммунисттик партиясынын Борбордук Комитетинде пропаганда жана агитация, 1969–1971-жылдары маданият бөлүмдөрүнүн башчысынын орун басары, 1971–1980-жылдары Кыргызстан жазуучулар союзунун 1-катчысы, 1980–1985-жылдары Кыргыз CCP Жогорку Советинин председатели болгон. 1986-жылдан Кыргыз илимдер академиясынын философия жана укук институтунда сектор башчы, илимий кызматкер, бөлүм башчы болуп иштеген. Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер (1995). Т. Аскаров чыгармачылык ишин сынчы катары баштаган. Ал – кыргыз адабиятынын теориялык маселелерине байланыштуу макалалардын, китептердин, ошондой эле «Адабияттагы көркөм шарттуулуктун эстетикалык табияты» деген философиялык эмгектин автору. Бул чыгарма учурунда философиянын илимий татаал жана дискуссиялык проблемасын талдоодогу жаңылыгы менен окумуштуулардын көңүлүн бурган. Кыргыз CCP Жогорку Советинин 4 жолку (1971–1990) депутаты. Ал 400дөй илимий, илимий-публицистикалык эмгектин (анын ичинде 16 монография, 1 окуу китеби, 4 макалалар жыйнагы, 9 брошюра) автору. Эл

Файл:АСКАРОВ 91.png


достугу, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.