АСИКАГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:47, 13 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСИКАГА– Япониянын орто кылымдагы аскердик-феодалдык башкаруучулары – сегундарынын 2-династиясы (1335–1573). Асикагалардын бийлиги жергиликтүү княздардын (дайме) күч алуусунан улам бекем болгон эмес. 15-кылымдын ортосунан башталган ич ара феодалдык согуштардын натыйжасында өлкөдө бир нече өз алдынча княздыктар түзүлүп, Асикагалардын бийлиги алсыраган. Алардын акыркы сегунун Нобунага Ода (1534–1582) бийликтен кулаткан.