АСЕПТИКА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:18, 13 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСЕПТИКА (а... жана гр. septikos – ириндүү, ириңдетүүчү) – операцияда, жараат таңууда керектелүүчү аспап, жип, тампон жана ушул сыяктуу буюмдардагы микробдорду физикалык жолдор менен зыянсыздандыруу чаралары. Асептика жараатка ириңдетүүчү бактерияларды киргизбей, аларды жок кылууга багытталган. Немец хирургу Э. Бергман зыянсыздандыруунун жаңы ыкмасын иштеп чыккан. Операцияда же таңууда пайдаланылуучу материал микроорганизмден тазаланат (стерилдөө). Хирургдун колу атайын каражаттар менен стерилденет. Биринчи медициналык жардам берүү эрежелерин да сактоо зарыл. Үй шартында стерилденген таңуучу материалдар (даки, бинт, салфетка, кебез ж. б.) дайыма болуш керек.