АСБЕСТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:22, 13 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСБЕСТ (гр. asbestos – өчпөс, талкаланбас) – силикаттар классындагы серпентин жана амфибол топторуна кирүүчү ичке, ийилчээк тал-тал булалардан турган минералдардын жалпы аты. Серпентин тобундагы минерал хризотил-асбест деп аталат. Химиялык формуласы Mg6[Si4O11](OH)3. Өңү жашыл сымак боз, жибектей жалтырак. Катуулугу Mooc шкаласы боюнча 2–2,5. Буласы ийилчээк, эң бышык, отко чыдамдуу, узундугу 1–2 ммден 50 ммге чейин. Кендери гидротермдик эриндилердин магнийге бай ультранегиздүү тоо тектерге тийгизген таасиринен пайда болот. Ири кендери Уралда (Сысерт), Казакстанда (Жетикара), Тувада (Акдовурак) ж. б. жерлерде табылган. Амфибол-асбест амфибол тобуна кирет. Буласы өтө ичке, узундугу 5 смге жетет. Кендери метаморфизмделген тоо тектер орун алган жерлерде жолугат. Асбест кислоталарга, жегичтерге туруктуу, отко чыдамдуу, жылуулукту өткөрбөөчү буюмдарды жасоодо, пластмасса менен асбест цементин ж.б. даярдоодо жана химиялык өнөр жайында кеңири колдонулат. Кыргызстанда бир нече Асбест кендери бар: Үкөк (Нарын облусу), Кан, Шуран (Ош облусу), Каркыра (Жалал-Абад облусу).