АСАНКУЛОВ Жумабек
АСАНКУЛОВ Жумабек (20. 02. 1927, Чүй облусу, Москва району, Кепер-Арык айылы – 22. 04. 2007, Москва) – генерал-лейтенант (1991). СССР Мамлекеттик коопсуздук министрлигинин Ташкент чөлкөм аралык мектебин (1948), Кыргыз CCP Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин жогорку мектебин (1955) бүткөн. 1944–1946-жылдарда Петров
районундагы Буденовка атындагы колхоздун колхозчусу, 1948–1952-жылдарда Кыргыз CCP Мамлекеттик коопсуздук министрлигинде бөлүмдүн оперуполномочени, улук оперуполномочени, начальниги, 1955–1961-жылдарда Кыргыз CCP Министрлер Coветине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинде бөлүмдүн начальнигинин орун басары, 1961–1966-жылдарда ушул эле комитеттин Ош облусу боюнча башкармалыгынын начальниги, 1966–1967-жылдарда Кыргызстан КП БКнын административдик органдар бөлүмүнүн башчысы, 1967–1978-жылдарда Кыргыз CCP Министрлер Советине караштуу Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1978–1989-жылдарда СССР Мамлекеттик коопсуздук комитетинин институтунда атайын курстун начальниги, 1989–1991-жылдарда КРдин Мамлекеттик коопсуздук комитетинин төрагасы, 1998–2000-жылдарда КР Президенти А. Акаевдин кеңешчиси, кеңешчинин милдетин аткаруучу, КР Коопсуздук Кеңешинин эксперт-консультанты жана эксперт-кеңешчисинин милдетин аткаруучу, 2000–2001-жылдарда КРдин Премьер-министри К. С. Бакиевдин кеңешчиси болуп иштеген. Кыргыз CCP Жогорку Советинин депутаты (1963–1966; 1967–1970; 1971–1975), СССР эл депутаты (1989). Эки Кызыл Туу, Эмгек Кызыл Туу, 2-даражадагы Манас ордендери жанa медалдар менен сыйланган.