АСАНКАНОВ Абылабек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:03, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Турганбаев Элебай тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСАНКАНОВ Абылабек [27. 12. 1954, СССР, Кыргыз ССРи, Тянь-Шань (азыркы Нарын) облусу, Жумгал району, Жумгал (азыркы Доскулу) айылы] – тарыхчы, тарых илимдеринин доктору (1993), профессор (1996),

Файл:АСАНКАНОВ 74.png


KP УИАнын корреспондент мүчөсү (2000), академик (2021). КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (2002). 1977-жылы Кыргыз Мамлекеттик университетин бүтүргөн.1977–1979-жылдары Жумгал районунун мектептеринде мугалим, 1979–1982-жылдары ФПИде окутуучу, 1983–1993-жылдары КМУнун окутуучусу, археология жанa этнография кафедрасынын башчысы, 1992–1994-жылдары КМУнун тарых факультетинин Кыргыз таануу борборунун директору, ошол эле мезгилде (1993-жылдан) илимий пропагандалык «Мурас» ишкер долбоорунун директору, КРдин Президенттик администрациясынын социалдык саясат бөлүмүнүн башчысы, 2001–2005-жылдары И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университетинин ректору, 2005-жылдан КР УИАнын Б. Жамгырчинов атындагы тарых, этнология жана археология институтунун директору. Кыргыздын тарыхына, этносоциологиясына, рухий маданиятына арналган 100дөн ашык илимий эмгектин (анын ичинде 10 монография) автору.
Эмг.: Социально-культурное развитие современного сельского населения Киргизии. Ф.,1989; Кыргызы: рост национального самосознания. Б., 1997.