АСАНБЕКОВ Төлөнбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:43, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСАНБЕКОВ Төлөнбай (1925, Нарын облусу, АкТалаа району, Коңорчок кыштагы – 1998, ошол эле жерде) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1945-жылдан Ак-Талаа районундагы Ленин атындагы колхоздо жылкы ферма башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген ферма жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1947-жылы фермадагы 84 бээден 84 кулун алып, аны чыгашасыз асыраган. Ленин жана башка ордендер менен сыйланган.

Файл:АСАНБЕКОВ 73.png