АСАНБЕКОВ Төлөнбай

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:27, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСАНБЕКОВ Төлөнбай (1925, Нарын облусу, АкТалаа району, Коңорчок кыштагы – 1998, ошол эле жерде) – малчы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1945-жылдан Ак-Талаа районундагы Ленин атындагы колхоздо жылкы ферма башчысы болуп иштеген. Ал жетектеген ферма жылкы чарбасын өнүктүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1947-жылы фермадагы 84 бээден 84 кулун алып, аны чыгашасыз асыраган. Ленин ж. б. ордендер менен сыйланган.

Файл:АСАНБЕКОВ 73.png