АСАД

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:10, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АСАД Хафез (06. 10. 1930, Кардаха, Сирия – 10.06. 2000, Дамаск) – Сириянын президенти (1971–2000). Араб социалдык кайра жаралуу партиясынын (АКСП) Генералдык секретары (1971–2000); Армиянын генералы (1968), коргоо министри (1966–1971), премьер-министр (1970–1971). Катуу чараларды колдонуу менен Сирияда саясий кырдаалды турукташтырууга жетишкен, Хама шаарындагы мусулмандык козголоңду баскан (1982). Асаддын жетекчилиги менен Сирия 1970–1980-жылдардын ортосуна чейин СССРдин негизги союздашы болуп келген, 1973-жылы Египет менен Израилдин ортосундагы согушта Египетти колдогон, 1982– 1983-жылдардагы араб жаңжалынан кийин Ливанда өз позициясын бекемдөө үчүн мындагы жарандык согуштарга (1976,1987,1990) кийлигишкен. Асад узак убакыт бою Иракка каршы саясат жүргүзүп келген: 1980–1988-жылдарда Иран-Ирак согушунда Иранга жардам берген, «Чөлдөгү бороон» (1991) операциясынын жүрүшүндө сириялык аскерлерди Иракка каршы коалициянын курамына киргизген.