АРЬЕРСЦЕНА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:52, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЬЕРСЦЕНА – сахнанын түпкү, арт жак бөлүгү, негизги сахна бөлүгүнүн уландысы жана декорациялык түзүлүштөр үчүн кошумча жай. Азыркы кездеги театр имараттарында Арьерсцена кенен жасалат. Ал жерде декорациялар жайгаштырылып, аларды жылдырып келүүчү түзүлүштөр коюлат. Анын жогору жагында декорация көтөргүчтөр жана жарык берүүчү аппаратура орнотулат.