АРЫСТАНОВА Светлана Амановна

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:50, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЫСТАНОВА Светлана Амановна (27. 04. 1938-жыл, Жалал-Абад шаары – 01. 04. 2014-жыл, Бишкек шаары) – Кыргыз Республикасынын эл мугалими (2006), Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген мугалими (1995). Кыргыз мамлекеттик университетинин химия-биология факультетин бүтүргөн (1965). Педагогикалык ишмердигин 1964-жылы Фрунзе шаарындагы № 47 орто мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1968–1971-жылдары Мали Республикасынын Бамако шаарында, 1974–1990-жылдары Фрунзе шаарындагы № 6, 17, 20 орто мектептерде мугалим, 1990-жылдан № 6 орто мектепте директор болуп эмгектенген. 2000-жылы ушул мектептин базасында республикада алгачкы автордук окуу-тарбия комплекс-гимназияны түзгөн.С. Арыстанова «Билим», «Маданият», «XXI кылымдын кадрлары», «Аялзат», «Улуттун чындыгы» жана башка улуттук программаларды жана багыттарды окуу-тарбия процессине киргизген. Бир нече монографиянын ав­тору. Медалдар менен сыйланган.