АРШАКИДДЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:26, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРШАКИДДЕР, Аршакундар – армян падышаларынын династиясы (62–428). Бул династия Парфян падышалыгындагы Аршакиддер династиясы менен тектеш болгон. Армяндардын Аршакиддер династиясын Тиридат I (62–80) негиздеген. Улуу Тиридат IIIнүн (287–332) мезгилинде христиан дини мамлекеттик динге айланган (болжол менен 301-жыл). Аршакиддер феодалдык бытырандылыкка каршы жанa Армениянын көз каранды эместиги үчүн күрөшкөн, бирок андан жыйынтык чыккан эмес. Улуу Армения өлкөсүн Иран менен Рим империясы бөлүп алып (387), Аршакиддер алардын вассалына айланган. Аршакиддер династиясы 487-жылы кулаган.