АРЧАЛЫ кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:18, 12 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧАЛЫ – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Байтик айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 30 км түштүк-батыш тарапта, Пишпек темир жол бекетинен 20 км. 1907-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2994 (2022); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП жана башкалар бар.