АРЧАЛЫ кыштагы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:20, 12 Январь (Үчтүн айы) 2024 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧАЛЫ – Чүй облусунун Аламүдүн районундагы кыштак. Байтик айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Лебединовка кыштагынан 30 км түштүк-батыш тарапта, Пишпек темир жол бекетинен 20 км. 1907-жылы отурукташкан. Деңиз деңгээлинен 1200 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 2994 (2022); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП ж. б. бар.