АРЧАЛЫ ДЕМАНТОИД КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 31 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Roza тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧАЛЫ ДЕМАНТОИД КЕНИ Нарын обл-нун Ат-Башы р-нунда, Арчалы суусунун боюнда. 1982-ж. табылган. Кен Арчалы гипербазит массивинин серпентиниттүү талкаланган зонасында жайгашкан. Зонанын ичинде демантоид щётка ж-а друза түрүндө кездешет. Жекече кристаллдардын өлчөмү 3 ммге чейин жетет. Демантоиддин өңү ачык жашыл, алмаздай жалтырайт. Тоо тектеги гранаттын өлчөмү 15–25тен 120–150 г/тга жетет. Тунук ачык жашыл түстөгү кристаллдарынын өлчөмү 0,5 г/тны түзөт. Кондициялык демантоиддин болжолдуу ресурсу № 6 карьер өткөн участкадагы 5 м тереңдикке чейин 1440 каратты түзөт.