АРЧАГУЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 16 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧАГУЛ – Талас облусунун Кара-Буура районундагы кыштак. Шекер айыл аймагына караштуу. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 50 км түштүк-батыш тарапта, Маймак темир жол бекетинен 22 км. Деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 1419 (2009); негизинен дыйканчылыкта жана мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, бала бакча, китепкана, ФАП бар.