АРЧА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРЧА (Juniperus) – өсүмдүктөрдүн кипаристер тукумунун уруусу, дайыма жашыл ийне жалбырактуу дарак же бадал. Бийиктиги 10-12, кээде 20-30 м. Эки үйлүү, айрымдары бир үйлүү; жаш өркүндөрүнүн жалбырагы ийне сымал, бара-бара түрпүгө айланат. Гүлдөрү майда, жазында гүлдөйт. Тобурчактары эттүү, жемишке окшош, ичинде үчтөн уругу бар. Өтө жай, 500-1000 жыл өсөт. Жыгачы катуу, көпкө чирибейт. Арча жарыкчыл, кургакчыл, суукка чыдамдуу, тамыры терең жана жайылып өсүп, жер алдындагы сууну жана азык заттарды сиңирет. Ал туздуу деңиз жээктеринен тартып бийик тоо сырттарына, Түндүктүн саздуу токойлоруна, акиташтуу бийик тоо кыркаларына чейин кездешет. Кыргызстанда 10 түрү өсөт.

Файл:АРЧА 65.png
Арчанын бир бутагы.


Арча токойлору Жер Ортолук деңиз жээктеринде, Алдынкы жана Борбордук Азияда, Түндук Американын кургакчыл түштүгүндө жана Мексикада, ал эми реликт катуу Арча Японияда, Кореяда, Батыш Кытайда таралган. Россиянын токой жана токойлуу тундра зонасында, ошондой эле Крым, Кавказ, Орто Азия, Ыраакы Чыгыш тоолорунда өсөт. Арча токойлорунун мааниси зор; тоо капталдарын көчкүдөн, селден сактайт; жерде нымдуулукту кармап, түрдүү өсүмдүктөрдүн өсүшүнө шарт түзөт. Жыгачы катуу болгондуктан курулушта, кеме, автомобиль, эмерек, калем жасоодо колдонулат.