АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:35, 1 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ – пейзаж жанрынын бир түрү; табигый чөйрөдө, живопись м-н графикада чыныгы же элестетилген архитектуранын сүрөттөлүп берилиши. Архитектуралык пейзажда архитектура м-н жаратылышты бириктирүүгө жол берген аба ж-а линиялык перспектива чоң роль ойнойт. Архитектуралык пейзажда ведута деп аталган 18-к-дагы перспективалык көрүнүштөрдү бөлүп көрсөтсө болот (мис., Венецияда Франческо Гварди, Бернардо Беллотто, Антонио Каналетто, Россияда Ф. М. Матвеев). Буга антика ж-а орто кылым урандылары тартылган пейзаж түшүрүлгөн курулуштар ж-а вилла, чарбак, парк ансамблдери кирет. Кыргыз сүрөтчүлөрүнөн М. Өмүркуловдун «Совет аянты», У. Ахуновдун «Ижор заводу. Ленинград», «Шахимардан», А. Турумбековдун «Кечки Ленинград» ж. б. сүрөттөрү мисал.

Файл:АРХИТЕКТУРАЛЫК ПЕЙЗАЖ 64.png
У. Ахунов. Чор-Минор мечити.