АРХИЕПИСКОП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:32, 11 Февраль (Бирдин айы) 2026 карата imported>Gulira тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АРХИЕПИСКОП (архи... жана епископ) – жогорку мартабалуу диний титул; христиандык чиркөө иерархиясындагы жогорку (3-чү) даражадагы дин кызматкери. Автокефалдык жана автоном чиркөөлөрдүн өкүлдөрүнө тиешелүү. Россия православ чиркөөсүндө митрополиттен төмөн. Адабияттарда алгач Архиепископ титулу 4-кылымдын орто чендеринде кездешет. Епископ Милетий Ликопольский ыйык Александр Александрийскийди Архиепископ деп атайт. 5-кылымдан Архиепископ аталышы кеңири кездеше баштаган. Патриархаттардын түзүлүшү менен автокефалдык чиркөөлөрдүн башкаруучулары жана епископторду патриарх же папа титулу менен катар эле Архиепископ деп атай башташкан. 21-кылымда Константинополь (Жаңы Рим архиепискобу), Грузия (Мцхет жана Тбилиси архиепискобу), Сербия (Печьархиепискобу) жана Румыниянын (Бухарест архиепискобу) патриархтары Архиепископ титулуна ээ.